Түркиядагы зилзала. Жалал-Абаддан гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Аймак

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Күн мурун, 13-февралда Жалал-Абад шаарындагы “Хадия-Камкор” кайрымдуулук фонду жер титирөөдөн жабыркаган боордош түрк элине кийим-кече, күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюмдар жана 300 миң сом акча каражатын жөнөттү.

Жалал-Абад мэриясынан билдиришкендей, жиберилген жардам Жалал-Абад шаарынын, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун жашоочулары тарабынан чогулган.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңеши жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын боордош түрк элине жардам иретинде которот.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.