Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Түркиянын Кахраманмараш шаарында кыргызстандык куткаруучулар издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында урандылардын астында аман калган 4 адамды жана каза болгон 104 адамдын сөөгүн чыгарып беришти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 7-февралда жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам көрсөтүү үчүн 67 адамдан турган Кыргызстандын куткаруучулары Түркияга учуп кеткен.
Ошондой эле кечээ, 12-февралда табигый кырсыктан жабыркаган боордош түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн атайын учак менен дагы 80 куткаруучу, 6 дарыгер, боз үй тигүүчүлөр, 75 боз үй жөнөтүлгөн. Бүгүн, 13-февралда 80 куткаруучу Кахраманмараш шаарынан 15 мүнөттүк алыстыкта жайгашкан райондогу талкаланган урандылардан адамдарды издөө иштерин баштады.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.