Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмарашта 16 жаштагы өспүрүмдү аман куткарышты

Коом


Бишкек, 11.02.23. /Кабар/. Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмарашта бир адамды аман-эсен куткарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кахранмараш шаарында кыргызстандык куткаруучуларга бөлүнгөн тилкеден 16 жаштагы түрк жараны аман-эсен куткарылды.

"Жер титирөөдөн кийинки 6-суткада, 11-февралда түнкү саат 2:30 чамасында биздин куткаруучулар түркиялыктар менен биргеликте издөө, куткаруу иштеринин учурунда уранды астынан аман калган адамды чыгарышкан. Мындй жагымдуу окуя "Он эки шубат махаласи" районунда болду", - деп айтылат маалыматта.

Куткарылган адам ошол кыйраган имараттын 5-кабатында жашаган 16 жаштагы түркия жараны экени айтылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Түркияга 67 куткаруучуну жөнөттү, ошондой эле ӨКМдин кошумча 100 кызматкерин жана гуманитардык жардамды жана боз үйлөрдү жөнөтөт.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.