Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда дагы эки адамды аман-эсен куткарды

Кырсык


Бишкек, 12.02.23. /Кабар/. Кыргыстандык куткаруучулар Түркиядагы кыйратуучу жер титирөөдө урандылардын астында калган дагы эки адамды аман-эмен алып чыгышты. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-февралда кыргызстандык куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп жаткан учурунда Кахранмараш шаарындагы "Баалыжан" районунда кечки 19:21 чамасында 22 жаштагы кош бойлуу келинди аман-эсен куткарышты.

"Бүгүн, 12-февралда Бишкек убактысы боюнча 02:30 чамасында Кыргызстандык куткаруучулар тарабынан Алиайчичек аттуу 2016-жылы төрөлгөн бала куткарылды. Тилекке каршы, ал жерде баланын апасы жана агасы каза болуп калган. Алардын сөөгү чыгарылып туугандарына берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандан 67 куткаруучу Түркиянын жер титирөөдөн катуу жабыркаган Кахраманмараш шаарында куткаруу иштерин жүргүзүшүүдө.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.