Түркиядагы жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 31,6 миң адамга жетти

Дүйнө

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Түркиядагы жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 31 миң 600 адамга жеткенин “Анадолу” агенттигин билдирет.

Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан Түркияга 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн эки ит жөнөтүлгөн. Ал эми 12-февралда 80 куткаруучу, үч дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр жөнөтүлсө, 13-февралда 35 адам, алардын ичинде - үч дарыгер, үч боз үй тигүүчү жана куткаруучулар учуп кетишти. Мындан сырткары, 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк жөнөтүлдү.

Буга чейин кыргызстандык куткаруучулар урандылардын астынан 5 адамды куткарып, 104 жарандын сөөгүн чыгаргандыгы кабарланган.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.