Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 20 миңден ашты

Дүйнө

Бишкек, 11.02.23. /Кабар/. Түркияда жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 20 миң 318 адамга, жаракат алгандар 80 миң 88 адамдадамга жетти. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.