Түркияда уурулукка шектелип кыргыз жараны кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Анталиянын Манавгат шаарында Кыргызстандан барган турист пляждагы барлардын биринен ноутбук, капчык жана ичимдик уурдап кеткен, - деп жазат haberler.com.

Кыргызстандык Н.Т., аттуу жарандын бул жооругу камерага түшүп калган, андан жанында эч ким жок экендигин көрүп, уурулукка баргандыгын көрүүгө болот.

Шектүү жаранды полиция кызматкерлери аэропорттон колго түшүргөн.