Түркияда ураган сахна адамдарды басып калды

Дүйнө

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Түркияда ураган сахна адамдарды басып калганын Газета.ру басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, сахна жергиликтүү ырчы Таркандын концерти үчүн орнотулган. Ал 9-сентябрда грек оккупациясынан бошонууга 100 жыл болгонун майрамдоонун алкагында ырдамак.

Кырсык Измир шаарында болуп, окуя болгон жерге полиция жана тез жардам кызматы жөнөтүлгөн. Сахна эмне себептен ураганы жазылган эмес.