Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Түркиянын Кайсери шаарындагы жол кырсыгында кеминде 23 адам жабыркады. Бул тууралуу Түркиянын Cumhuriyet гезити жазды.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн түнүндө жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:00дө Кайсери шаарында болгон. Жүргүнчүлөрдү ташыган автобус Ван шаарынан Кайсери шаарына бара жатканда жолдун тайгактыгынан улам айдоочу унааны башкара албай калган. Жыйынтыгында автобус оодарылып кеткен.
Жабыр тарткандар жакынкы ооруканага жеткирилген.