• 87.1
  • 99.05
  • 1.07

Төрага Нурланбек Шакиев иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев иш сапары менен Россиянын Санкт-Петербург шаарына барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин жыйынына, ошондой эле X БРИКС парламенттик форумуна катышат.

Андан тышкары, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Эскерте кетсек, Төрага баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков жана Бактыяр Калпаев бар.

Пикир

Оставить комментарий