Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган ЖКнын делегациясы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынына жана 12-пленардык отурумуна катышуу үчүн Ереван шаарына (Армения Республикасы) барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Белгилей кетсек, делегация курамында депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Тазабек Икрамов жана Алмазбек Акматов бар.