Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. "Түндүк" ведомство аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму системасы ишке киргенден бери 1 млрд ашык суроо-талап каралды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов билдирди .
Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө системада жалпысынан 204 катышуучу катталган, анын ичинен 77си мамлекеттик, 127и коммерциялык.
"1 млрд ашык суроо-талап каралды, башкача айтканда, биздин мамлекеттик органдар жана коммерциялык уюмдар көп сандаган кагаздарды жана калктын убактысын үнөмдөөгө жетишти", - деди ал.
Ошондой эле Аманатов "Түндүк" системасына электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы интеграциялангандыгын эске салды. Анда 37 мамлекеттик органдын 149 кызматы жана серверлери жана 60тан ашык онлайн кызматтары бар.