Бишкек, 22.04.24./Кабар/. Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин тарбиялануучусу Сыймык Узеев таэквондо боюнча эл аралык чемпионатта коло медалга ээ болду.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мелдеш 17-21-апрель күндөрү Өзбекстандын Андижан шаарында өткөн. Чемпионатка 4 өлкөдөн 1200 спортчу катышкан.
Сыймык Узеев таэквондо боюнча эл аралык чемпионатта коло медалга ээ болду
22/04/24 15:45 Спорт