Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар универсалдуу күрөш боюнча Азия чемпионатында эки алтын, бир күмүш жана үч коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Универсалдуу күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чемпионат 11-17 август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өттү.
Сыйлыкка татыган спортчулардын тизмеси:
- 1-орун - Сыймык Тентиев (65 кг) ;
- 1-орун - Нурбек Айдаров (80 кг) ;
- 2-орун - Кубанычбек Рысбаев (+90);
- 3-орун - Аскер Үсөнбаев (70 кг);
- 3-орун - Мирбек Айдаров (75 кг) ;
- 3-орун - Азат Иманкулов (100 кг).
Белгилей кетсек, универсалдуу күрөш боюнча Азия чемпионаты Кыргызстанда биринчи жолу өттү.
Федерациядан белгилешкендей, улуттук курама октябрь айында Грузияда өтө турган дүйнө чемпионатына даярдыктарды баштады.