Свердлов районунун акими соцконтракттын негизинде жардам алгандарды кыдырды

Коом

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков мамлекеттен берилген социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдү кыдырып чыкты.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, район башчысы Ак-Бата конушунда жашаган 3 социалдык жардам алуучу менен баарлашып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Белгилей кетсек, Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучу 288 үй-бүлө каттоодо турса, алардын ичинен 85 үй-бүлөгө жана аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө 100 миң сомдон бөлүндү.

Социалдык контракт түзүлгөн 95 үй-бүлөнүн ичинен:

  • жеңил өнөр жайы – 66 үй-бүлө;
  • дүң соода – 13 үй-бүлө;
  • коомдук тамактануу – 2 үй-бүлө;
  • клининг кызматы – 2 үй-бүлө;
  • такси кызматы – 6 үй-бүлө;
  • биогумус – 1 үй-бүлө;
  • маникюр кызматы – 1 үй-бүлө;
  • тоок багуу – 2 үй-бүлө;
  • кой багуу – 1 үй-бүлө;
  • компьютердик кызматтар (ксерокопия) – 1 үй-бүлө.

Эскерте кетсек, жардам аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, аларды турмуштук оор кырдаалды жеңүү боюнча активдүү иш-аракеттерге стимулдаштырууга, алардын эмгек потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле ишкерлерди кошумча жумуш орундарын же өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү процессине тартууга багытталган.