Сузактын Октябрь айылында жаңы спорт комплекси ачылды

Аймак

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен Сузак районунун Багыш айыл аймагынын Октябрь айылында жаңы спорт комплекстин салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага облус башчысынын орун басары Максат Сыдыков, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.

Имараттын курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, 30 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.