Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. Сузак районунун Үч-Малай айылында жаш балдардын от менен ойноосунун кесепетинен 7 тонна чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 13-декабры күнү саат 15:50 Үч-Малай айылындагы ачык аянтта жыйылган 7 тонна чөп, 200 түк саман жана 200 боо жүгөрү сабагы күйүп кетти.
Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, өрт саат 16:02 чектөөгө алынып, саат 18:20 толук өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби жаш балдардын от менен болгон шоктугу.
Мындай өрт кырсыктары көп калгандыктан, адистер жаш балдарды кароосуз калтырбоого жана күйүүчү заттар менен ойноосуна жол бербөөгө чакырышат.