Сузакта сууга түшүүлөр боюнча эскертүүлөр берилди

Аймак

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Сузак РИИБи тарабынан аптаптуу күндөрү суу кырсыктарынан алдын алуу максатындагы түшүндүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери район аймагында сууга түшүүчү жайларды көзөмөлгө алып жатышат. Шар аккан каналдардын тосмолоруна сууга түшкөн жаш балдарга жана ата-энелерине эскертүүлөр берилди. Өспүрүмдөрдүн өмүрүнө коркунуч алып келген жайларда сууга түшүүгө мүмкүн эместиги жеткирилди. Ата-энелерге өз балдарын ар дайым көзөмөл кылуу керектиги, алардын өмүрү баарынан кымбат тураары айтылды.

Эске салсак, буга чейин райондук милиция тарабынан сууга түшүүгө кооптуу деп эсептелген аймактарга эскертүү белгилери орнотулган.