Сузакта сууга чөгүп кеткен кыздын сөөгү табылды

Кырсык

Бишкек, 18.04.21 /Кабар/. Сузакта сууга чөгүп кеткен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жалгыз-Жаңгак айылында Көк-Арт дарыясына 13 жаштагы кыз чөгүп кеткен.

Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 14 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан кыздын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.