• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Сузакта 27 млн сомго курулуп жаткан бала бакча быйыл бүткөрүлөт

Билим 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Сузак районунун Калмак-Кырчын айылында курулуп жаткан бала бакча быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакча 50 орунга ылайыкташкан. Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуштун наркы 27 млн сомду түзөт.

Долбоор боюнча бир кабаттуу имарат, ашкана, откана, суу сактоочу кампа, сырткы ажаткана жана оюн аянтчасы менен куруу каралган. Курулуш-монтаждоо иштери "Мастер строй" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий