Сузак жана Кара-Суу райондорунда фермерлерди тейлөө борбору ачылды

Аймак

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Сузак жана Кара-Суу райондорунда фермерлерди тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тейлөө борборлору министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдын тапшырмасынын негизинде ачылды.

Анда дыйкандар райондук мекеме-ишканалардын адистеринен, «Айыл-Банк», «Элдик Банк» ААКнын өкүлдөрүнөн толук кандуу кеп-кеңеш алып, чечилбей жаткан маселелерине жооп алып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Борбордун ишмердүүлүгү боюнча толук маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефон номери аркылуу байланышса болот: 03748 50881, 0772603191.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Каракол жана Жалал-Абад шаарларында да дыйкан-фермерлерди тейлөө борборлору ачылуу алдына турат.

Эске салсак, буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин борбордук аппаратынын башкы имаратында дыйкан-фермелерди тейлөө борбору ачылган болчу.

Долбоордун негизги максаты – дыйкан-фермерлерге кандай урук-көчөттөргө маани берүү зарылдыгын, эмнени өндүрүү керектигин, даяр продукцияны кайда сатууга болоорун, аларга мамлекет тарабынан кандай колдоолор каралгандыгы, ж.б көптөгөн суроолорго жеткиликтүү маалымат, кеңеш алуучу аянтчаны түзүү болуп саналат.