Бишкек, 17-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 17-апрель күнү саат 12:30 чамасында Сузак районунун Курганбек айыл аймагындагы Таран-Базар айылында көлөмү 192 000 м3 жер көчкү түшүп, 8 турак үйгө 300 метр аралык калып кооптуу абал жаралган. Бул тууралуу КР ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Жабыркагандар жок.
Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы менен КР ӨКМнин адистери тактоо иштерин жүргүзүүдө.