Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Суваналиев Өмүрбек Исакович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.