Мас абалда түшүүгө болбойт! Сууга түшүүдөгү негизги эрежелер

Коом


Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет. Ата-энелер – жаш балдарга өзгөчө көңүл буруп, балдарды кароосуз калтырбоосу керек.

Урматтуу жарандар, эсиңиздерде болсун:

- сууга уруксат берилген жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;
- тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
- сууга мас абалында түшпөңүз;
- суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаңыздар;
- кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
- күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
- үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;
- көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.