• 87.45
  • 100.82
  • 1.09

Суучулдар Ысык-Көлдөн 2300 метр тор чыгарышты

Аймак 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Суучулдар Ысык-Көлдөн 2300 метр тор чыгарышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, суучулдар 11-ноябрдан 12-ноябрга караган түнү Тоң районунан балык кармоочу 18 тор, Түп районунан 5 тор чыгарышты. Алардын жалпы узундугу 2300 метрди түзөт. Чыгарылган торлор тиешелүү кызматтарга өткөрүп берилет.

ӨКМ жарандарды Ысык-Көлгө аяр мамиле кылууга, таза кармоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий