Сутка ичинде өлкө боюнча 127 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 127 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 51, Чүй облусунда 44, Ош шаарында 12, Ош облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 7, Талас облусунда 3 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1656 учур катталды, алардын ичинен 552 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 10629га жетти. Алардын ичинен 1656сы медицина кызматкери. Илдеттен 3387 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 132 адам каза болду.