Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндө аянты 40 чарчы метр болгон 2 бөлмөлүү турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 9 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында Audi A6 үлгүсүндөгү автоунаанын арт жагы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.