ССМда министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Бакыт Жангазиев саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.