Өспүрүмдөр арасында оор атлетика боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги өттү

Спорт

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Ош шаарында жаштар жана өспүрүмдөр арасында оор атлетика боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке 12 салмак категориясы боюнча Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 100дөн ашуун спортчу кыз-жигиттер катышты.

Турнирдин жеңүүчүлөрү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.