“Сосновка” жана “Арал” постторундагы чектөөлөр алынды

Коом

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. “Сосновка” жана “Арал” постторундагы киргизилген убактылуу чектөөлөр алынды,-деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9-майында кечки саат 19:00дөн тарта күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

“Мындай кадам Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында жүргүзүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.