Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Аймак

Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Бүгүн эртең менен Төө-Ашуудагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга карата киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, Бишкек - Ош унаа жолундагы Арал постундагы чектөө азырынча күчүндө. “Кыргызавтожол-Түштүк” жана "Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары жолдордо инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштерин үзгүлтүксүз улантууда.

Мекеме кандай кырдаал жаралбасын айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен жанына керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырууда.