Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Аймак

Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 20-декабрь саат 10:30дан тарта Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралууТранспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда кар жаап, аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Министрлик айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.