Сосновка, Арал постторундагы жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөө алынды

Коом

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, бүгүн таң эрте Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында аталган постторго оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.