• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Тажикстан Республикасына иш визит менен барганда мени жана кыргыз делегациясынын бардык мүчөлөрүн жылуу кабыл алып, көрсөткөн меймандостугуңуз үчүн ыраазычылык билдирип коюуга уруксат этиңиз.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча тең укуктуу жана өз ара урматтоо принцибине негизделип жетишилген макулдашууларыбыз боордош эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы үчүн мындан ары дагы чыңдалып жана өнүгө берет деп ишенем.

Биргелешкен күч аракеттер менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелер өз ара түшүнүшүү жана өз ара пайдалуу кызматташуу маанайында элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары дагы өнүгө берет деп ишенем», -деп белгиленет Мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий