Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасы президенттин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) колдонуу механизмин кайра карап чыгуу демилгесин толугу менен колдойт.
Мекемеден билдиришкендей, фискалдык саясатты ийгиликтүү өнүктүрүү бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө негизделиши керек. Бул салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүнү гана эмес, рыноктун бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын эске алууну да камтыйт. ЭТТКны ишке ашырууда олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болгон чакан жана орто бизнеске өзгөчө көңүл буруу керек.
Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев мындай чаралар кичи жана орто бизнестин ашыкча салык жүгүн азайтып гана тим болбостон, соода тармагындагы ишкерлерге туруктуу колдоо көрсөтүп, көмүскө экономиканын өсүшүнүн тобокелдиктерин минималдаштырууга шарт түзөрүн билдирди.
"Биз президенттин ЭТТКны колдонуу ири партияларга багытталышы керек деген позициясын толугу менен колдойбуз. Бул ири компанияларды гана эмес, өлкөнүн экономикасынын таянычы болгон чакан бизнести да колдогон адилеттүү жана ачык-айкын салык системасына жасалган кадам", - деп белгиледи Темир Сариев.
Соода-өнөр жай палатасы мамлекеттин жана бизнестин кызыкчылыктарын тең салмактай турган сунуштарды жана чечимдерди иштеп чыгууга активдүү катышууга даяр. Анын негизги максаты - ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана алардын мамлекеттин экономикалык саясатына ишенимин бекемдөөгө көмөктөшүү.
"Соода-өнөр жай палатасы президенттин тапшырмаларын ишке ашыруу күчтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстанда жагымдуу бизнес климатты чыңдоого маанилүү кадам болоруна ишенет", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий