Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Сокулукта өспүрүм кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 6-февралында Т.Н. аттуу жаран Сокулук райондук милициясына арыз менен кайрылып, анда 2022-жылдын декабрь айынан бери кошунасы жашы жете элек кызына ыдык көрсөтүп жүргөнүн билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде (ыплас аракеттер) кылмыш ишин козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин жана кылмыш иши боюнча дайындалган укуктук экспертизалардын жыйынтыгы менен күн мурун, 25-апрелде кылмышка шектелип 43 жаштагы А.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ошондой эле ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинде (ыплас аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен айыбы угузулуп, Сокулук райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалды.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү.