Сокулук районуна жаңы аким дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 03.04.18 /Кабар/. Таалайбек Корголдоев Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы –акими болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка бүгүн, 3-апрелде өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.