Бишкек, 06.03.20./Кабар/. Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык драма театрынын директору Сманбеков Темирлан Камашович Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директорлугуна, ал эми, Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору Аманкулов Жолдошбек Жанжигитович Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык драма театрынын директорлугуна которуу жолу менен дайындалды. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу чыккан.