Бишкек, 13.02.19 /Кабар/. Сириядан келген эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.
28 жаштагы Р.У. 9-февралында кармалганы айтылат.
Маалыматка ылайык, 2014-жылы Р.У. чет өлкөдөгү диний мекемелерден билим алып жатып, эл аралык террористтик уюмдун көзөмөлүнө түшүп, кийин үй-бүлөөсү менен Сирияга кеткен.
Р.У. террористтик уюмдун лагерлеринин биринен машыгуудан өтүп, Сирия өкмөтүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.