Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. Шри-Ланканын бийлиги аялдарга көчөлөрдө жүздү жапкан кийим кийип жүрүүгө тыюу салды. Мындай чара өлкөдө орун алган бир нече теракттардан кийин кабыл алынды, – деп жазат ТАСС.
Бул эреже 29-апрелден тарта иштеп баштады.
Эске салсак, Шри-Ланкада 21-апрелде чиркөөлөр менен мейманканаларга жасалган теракттардан кийин 250 жакын адам каза болгон.
Шектүү катары ондогон адамдар кармалган. Полициянын маалыматы боюнча, теракттарга тиешеси бар деген адамдардын көбү эркиндикте жүрөт.