ШИИБ: 11 жыл мурда дайынсыз жоголгон кыз табылды

Коом

Бишкек, 07.02.18. /Кабар/. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы 11 жыл мурда дайынсыз жоголгон кызды табышты,-деп билдирет Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы дайынсыз жоголгон Нияз кызы Жамилиянын туугандары милицияга кайрылып, анын 2007-жылы үйдөн чыгып дайынсыз жоголуп кеткендигин билдиришкен.

Тыкыр издөө ишинин жүрүшүндө Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Нияз кызы Жамилияны табышкан. Учурда ал туугандарына өткөрүлүп берилди жана абалы жакшы.