Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Шералиев атындагы балдар искусство мектебине жаңы директор дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Мектепке 30 жыл эмгек өтөгөн Элмира Чаландинова өз арызы менен кызматтан кетти. Ал 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин директорлук кызматты аркалап келген.
Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Мирлан Парханов иш жамаатка жаңы директор Анара Абдулинаны тааныштырды.