Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. 2018-жылдын 4-5-июнь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт,-деп билдирет ӨКМ кызматы.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетет. Ошондой эле республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.