Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. 2020-жылдын 29-майынан 3-июнуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.