Шашылыш билдирүү: сел жүрүшү күтүлөт

Коом

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 4-5-апрелинде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас жана Нарын облустарында ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 7-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 351-365-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-97-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 18-20, 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу, Ийри-Суу участкасынын 42-44чм), Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-291-297-298-чакырымдарында (Долон ашуусу), Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымдарында (Барскоон, Сөөк ашуулары), кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.

4-апрелде абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 0…-5° суукка жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6° жылуу, айрым жерлерде 0...-2° жеткен үшүк жүрүшү мүмкүн, күндүз 4…9° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10°, күндүз -1…-6° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган мөмө бактарга коркунуч алып келет жана туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.