Шашылыш билдирүү: Бишкек жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот

Коом

Бишкек, 23.08.19. /Кабар/. Жакынкы 3 саатта жана түнкүсүн Бишкек жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.