Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. 2-11-январь күндөрү Бишкектеги Ломоносов атындагы билим берүү борборунда шахмат боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында Кыргызстандын биринчилиги болуп өттү.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 535 спортчу катышты.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
Пикир
Оставить комментарий