Шайлоо штабын Т.Жумакадыров жетектейт, Зилалиевге эскертүү берилди

Өкмөт

Бишкек, 21.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасынын милдеттерин вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго жүктөөнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министрдин мындай чечими Дүйшөнбек Зилалиевдин талапкерлердин бирине өзүнүн жеке артык көрүүсүн жарыялоосуна баланыштуу болду.

Премьер-министр Сапар Исаков ошондой эле Штабдын мүчөлөрүнө шайлоо тизмелеринин сапаттуу даярдалышына, шайлоо тилекелеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылууга жана жарандардын эркин шайлоосуна шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну милдеттендирди.