Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Абыкаев Шабдан Алмасбекович берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду.