Ашхабад, 11.10.19. /Кабар/. Сергей Лебедев кайрадан КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы – аткаруучу катчысы болуп дайындалды.
Лебедев кайрадан үч жылга дайындалды. Эске сала кетсек, 31-декабрда анын аталган кызматтагы мөөнөтү аяктамак.
Лебедевдин талапкерлигин Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынында Россиянын президенти Владимир Путин көрсөттү.